Кыйынчылыктар жана сыноолор (#15392)

О, Сен! Сыноолоруң - Өзүңө жакын болгондор үчүн даба, кылычың – Сени сүйгөндөрдүн жалындаган эңсөөсү, жебең - Сага куса болгон жүрөктөрдүн эң кымбат каалоосу, буйругуң - Сенин акыйкатыңды тааныгандардын жалгыз үмүтү! Кудайлык ширин маңызың ме¬нен жана Өзүңдүн ажарыңдын даңкынын улуулугу менен жалбарам, өз асманыңдан бизди Сага жакындата турган күч жөнөт. О, айланайын Кудайым, Сенин Ишиңде биздин кадамдарыбызды чыңда, жүрөктөрүбүздү билимиңдин жарыгы менен нурландыр жана Өз ысымдарыңдын нуру менен жан дүйнөбүздү жаркырат.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

Кыйынчылыктар жана сыноолор (#15393)

О, кагылайын Кудайым, мени туш тараптан азап басканы Сага белгилүү, Сенден башка эч ким алардан кутулта албайт, каршы турууга күчү жетпейт. Сага болгон сүйүүмдүн аркасында мен бул акыйкатты жакшы билем - эгер Сен көктөгү Бейишиңде даражасын көтөрүп жана жердеги жашоодо жүрөгүн Өзүңдүн баарын жеңүүчү кудуретиң менен бекемдөөнү каалабасаң, Сен бир да жанга кайгы-касирет жөнөтпөйсүң, анткени Сен анын көр тирликтин түйшүгүнө берилбешин каалайсың. Акыйкатта, Өзүңө маалым, көк менен жердегилердин баарына ээлик кылуу мен үчүн кымбат эмес, кандай жагдай болбосун Өзүңдү эскерип жүрүү мен үчүн артык. О, айланайын Кудайым, Сага башымды ийип, Өзүңдү сүйүүм үчүн жүрөгүмдү чыңда жана Сенин душмандарыңдан алыс болууну буюр. Акыйкатта, Өзүңдүн даңкың менен ант этем, Сенден башка эч нерсеге умтулбайм, ырайымыңдан башка эч нерсени каалабайм, адилеттүүлүгүңдөн башка эч нерсени кабыл албайм. Суранам Сенден, эгер эркиңе туура келсе, мени жана Өзүң сүйгөндөрдү кечире көр. Акыйкатта, Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Жоомартсың.
О, көк менен жердин Теңири, бардык адамдардын алкоосунан Сен чексиз бийиксиң; Сенин адал пенделериң үчүн тынчтык болсун, ал эми даңк Кудайга таандык, бардык ааламдардын Теңири.

-The Báb
-----------------------

